Россиядан келген конок лектордун лекциялары өттү
2025-жылдын 6-ноябрында Ош эл аралык медициналык университетинин дарылоо иши факултетинин экинчи курстун студенттери патологиялык физиология сабагы боюнча Россиядан келген конок лектор — Урал мамлекеттик медициналык академиясынын патологиялык физиология кафедрасынын окутуучусу Гребнев Дмитрий Юрьевичтин лекциясын угуушту.
Ал окутууда жана илимий ишмердүүлүктө чоң тажрыйбага ээ адис болуп саналат. Студенттер лекцияны зор кызыгуу менен угуп, көп суроолорду берип, материалдын жеткиликтүү жана кызыктуу берилгенин белгилешти.
Мындай иш-чаралар студенттердин билим чөйрөсүн кеңейтип, университеттин эл аралык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.