ОЭАМУн окутуучулары TOEIC тестин ийгиликтүү тапшырышты!
Өткөн жумада (30–31-октябрь, 1-ноябрь) Ош Эл аралык медициналык университетинин окутуучулары TOEIC (Test of English for International Communication) аттуу эл аралык тестти тапшырып, англис тилин кесиптик чөйрөдө колдонуу деңгээлин тастыкташты.
Биз чын жүрөктөн окутуучуларыбызды ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктайбыз! Бул окуу сапатын жогорулатуу жана университеттин эл аралык кызматташтыгын чыңдоо багытында маанилүү кадам болуп саналат.
ОЭАМУн кадрдык саясатынын негизги багыттарынын бири — окутуучулардын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн жана кесиптик чеберчилигин, анын ичинде тил көндүмдөрүн жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.
Кесиптештерибизди дагы бир жолу куттуктайбыз жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз!