Дивали фестивалы
2025-жылдын 25-октябрында Ош Эл аралык медициналык университетинде жарык жана кубанычка толгон чоң майрам — Дивали фестивалы болуп өттү. Бул иш-чарага университеттин окутуучулары, студенттери жана коноктору катышып, чыныгы достуктун жана ынтымактын атмосферасын жаратты.
Майрам салттуу ырымдар менен башталды: катышуучулар маңдайына кызыл боёк (тилок) коюп, бул жөрөлгө жакшылыктын жана руханий тазалыктын белгиси катары кабыл алынды. Университеттин имараты жарыктар, шамдар жана гирляндалар менен кооздолуп, индиялык «жарык майрамынын» өзгөчө маанайын жаратты.
Концерттик программада студенттер улуттук бийлерди бийлеп, ырларды аткарып, жарык менен караңгынын күрөшүн чагылдырган театрлаштырылган көргөзмөлөрдү көрсөтүштү. Зал толо кол чабуулар жаңырып, жылуу эмоциялар тартууланды.
Кеченин соңунда асманды фейерверк жарык кылып, майрамдын кульминациясы болуп өттү. Ал — бакубат жашоонун, үмүттүн жана биримдиктин белгиси болду.
Дивали фестивалы ОЭМУда ар улуттун студенттерин бириктирген достуктун жана маданий көпүрөнүн символуна айланды.
Дивалинин жарыгы ар бир жүрөктү жылуу нуру менен жарык кылып, жакшылыкка жана биримдикке шыктандырсын!