Окутуучу Тогузакова Жылдыздын ачык сабагы
23.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинде Тогузакова Жылдыз окутуучусунун жетекчилиги алдында «Кулактын курч сезгенүү оорулары» темасында ЛД6-1-21 тайпасы үчүн ачык сабак болуп өттү.
Сабакта кулактын сырткы, ортоңку жана ички бөлүгүнүн курч сезгенүү ооруларынын себептери, клиникалык белгилери жана диагностикалык ыкмалары кеңири талкууланды. Ошондой эле дарылоонун жана алдын алуунун заманбап ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Студенттер сабакка активдүү катышып, суроолорго жооп берип жана клиникалык мисалдарды талдап, өз билимдерин көрсөтүштү.
Бул ачык сабак окутуучулар үчүн тажрыйба алмашуу, студенттер үчүн болсо теориялык билимди практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү болду.