ОЭАМУ студенттери «Боорукердик» карылар үйүн жана кризистик борборду зыярат кылышты

ОЭАМУ студенттери «Боорукердик» карылар үйүн жана кризистик борборду зыярат кылышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     Жекшемби күнү 26.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинин студенттери студенттик сенат менен биргеликте «Боорукердик» карылар үйүнө жана кризистик борборго барышты. Ал жерде жашоо шарты оор абалга түшкөн карылар, аялдар жана балдар жашашат.

    Иш-чара социалдык проекттер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Алиева Чынара айымдын жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдуллаева Биржахон Абдиназаровнанын жетекчилиги алдында өттү.

    Зыяраттын негизги максаты — жардамга муктаж адамдарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү болду. Студенттер алдын ала азык-түлүк, кийим-кече, биринчи керектелүүчү буюмдар жана башка керектүү нерселерди даярдап, аларды мекеме кызматкерлерине тапшырышты.

    Жолугушуу маалында катышуучулар тургундар менен баарлашып, көңүл буруп, жылуу сөздөрүн жана камкордуктарын тартуулашты. Карылар жана балдар меймандарды кубаныч менен тосуп алып, көңүл буруу жана боорукердик үчүн ыраазычылык билдиришти.

     Иш-чара жылуу жана руханий жагымдуу маанайда өтүп, ар бир адамга боорукерлик, ырайым жана жакындарына кам көрүү маанилүү экенин эскертип кетти. Мындай иш-чаралар студенттердин жоопкерчилик сезимин, адамгерчилигин жана жардам берүүгө умтулуусун күчөтөт.



Фото галерея