ОЭАМУда Индиядан чакырылган лектор анатомия боюнча лекция окуп берди
24.10.2025 Ош эл аралык медициналык университетине Индиядан чакырылган лектор — доктор Мохаммед Азам келип, 1-курс студенттерине анатомия боюнча кызыктуу жана маалыматтуу лекциялар окуп берди. Бул лекциялар FMGE/NEXT сынагына даярдоо программасынын алкагында өттү.
Студенттер активдүү катышып, суроолорду беришти жана тажрыйбалуу адистин жетекчилигинде татаал темаларды талкуулашты. Лекциялар жогорку деңгээлде өтүп, студенттерде пайдалуу билимдерди жана яркий таасирлерди калтырды.
ОЭАМУ эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантып, билим сапатын жогорулатуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттерди чакырууда.