ОЭАМУда «Туучулук жана патология» темасы боюнча ачык сабак өттү

ОЭАМУда «Туучулук жана патология» темасы боюнча ачык сабак өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

   24.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Орунбаева Бибигүл тарабынан «Туучулук жана патология» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабак ЛД6-1-25 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулду.

   Сабак учурунда окутуучу тукум куучулук оорулардын берилишин, генетикалык факторлордун патологиянын өнүгүшүндөгү ролун, ошондой эле алардын диагноз коюу жана алдын алуу ыкмаларын кеңири түшүндүрдү.

    Иш-чара интерактивдүү түрдө өтүп, студенттер активдүү катышып, суроолорго жооп берип, кырдаалдык тапшырмаларды аткарышты. Мындай ачык сабактар окутуунун сапатын жогорулатууга жана келечектеги дарыгерлердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея