ОЭАМУда окутуучу Танабаева Айпери ачык сабак өткөрдү

ОЭАМУда окутуучу Танабаева Айпери ачык сабак өткөрдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 22-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Танабаева Айпери тарабынан «The Blood Group Systems» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

     Сабак ЛД5-1-24(В) тайпанын студенттери үчүн уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу кан топторунун системаларынын классификациясын, алардын биологиялык жана клиникалык маанисин, ошондой эле кан куюудагы тукум куучулук жана шайкештик механизмдерин кеңири түшүндүрдү.

    Студенттер сабакка активдүү катышып, практикалык тапшырмаларды аткарып жана теманы жакшы өздөштүргөнүн көрсөтүштү.

     Ачык сабак интерактивдүү жана билим берүүчү формада өтүп, студенттердин медициналык билимдерин тереңдетүүгө жана англис тилинде медициналык дисциплиналарды үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.



Фото галерея