ОЭАМУда окутуучу Ботобекова Нурила ачык сабак өттү
2025-жылдын 23-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Ботобекова Нурила тарабынан информатика боюнча ачык сабак өтүлдү. Сабактын темасы — «Google Slides жана Prezi платформаларында иштөө» болду.
Сабак ЛД5-2Е-25 тобунун студенттери үчүн уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу студенттерге Google Slides жана Prezi платформаларынын негизги мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, интерактивдүү жана заманбап презентацияларды түзүү ыкмаларын үйрөттү.
Студенттер сабакка активдүү катышып, өз презентацияларын түзүштү, идеяларын бөлүшүштү жана жаңы көндүмдөрүн көрсөтүштү.
Ачык сабак чыгармачылык жана жигердүү атмосферада өтүп, студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап билим берүү технологияларына болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.