ОЭАМУда окутуучу Абдуллаева Б. ачык сабак өттү

ОЭАМУда окутуучу Абдуллаева Б. ачык сабак өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     23.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Абдуллаева Б. «Жыл мезгилдери. Зат атооч менен сын атоочтун шайкештиги» темасында ачык сабак өткөрдү.

    Сабак ЛД5-1-25, 2В тобунун студенттери үчүн уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу зат атооч менен сын атоочтун грамматикалык шайкештигин кеңири түшүндүрүп, күнүмдүк сүйлөөдөн мисалдар келтирди жана материалды бекемдөө максатында интерактивдүү тапшырмаларды өткөрдү.

    Студенттер сабакка активдүү катышып, практикалык тапшырмаларды аткарып жана теманы жакшы өздөштүргөнүн көрсөтүштү. Ачык сабак достук жана билим берүүчү атмосферада өтүп, студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырды.



Фото галерея