“Pathology of Cornea” темасында ачык сабак өттү

“Pathology of Cornea” темасында ачык сабак өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

    21.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Кадыркулова Жамиля тарабынан «Pathology of Cornea» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабак 3-курс студенттери үчүн уюштурулду.

    Сабакта окутуучу көздүн мүйүз катмарынын анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле анын негизги ооруларын кеңири түшүндүрдү. Диагностика, клиникалык белгилер жана дарылоонун заманбап ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.

    Студенттер сабакка чоң кызыгуу менен катышып, активдүү суроолорду беришип, теманы терең түшүнүштү. Ачык сабак окутуунун сапатын жогорулатуу максатында уюштурулуп, жылуу жана интерактивдүү атмосферада өттү.



Фото галерея