“Туруктуу токтун медицинада колдонулушу. Дары электрофорези. Гальванизация” темасында ачык сабак өттү
20.10.2025ж. Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Алиева Чынара тарабынан «Туруктуу токтун медицинада колдонулушу. Дары электрофорези. Гальванизация» темасында ачык сабак өткөрүлдү.
Сабак ЛД6-1-25 тайпасы үчүн уюштурулду.
Сабакта окутуучу физиотерапиялык ыкмаларды көрсөтүп, туруктуу токтун, электрофорездин жана гальванизациянын иштөө принциптерин кеңири түшүндүрдү. Студенттер практикалык бөлүгүнө активдүү катышып, алган билимдерин медициналык мисалдар аркылуу бекемдешти.
Ачык сабак окутуунун сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусунун алкагында өткөрүлдү.