ОЭАМУда “Эритмелер. Эритмелердин коллигативдик касиеттери” темасында ачык сабак өттү
21.10.2025 жылы Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучу Султанмахмудова Нурзат тарабынан ачык сабак өткөрүлдү.
Сабактын темасы: «Эритмелер. Эритмелердин коллигативдик касиеттери».
Сабак ЛД6-1-25 тайпасы үчүн уюштурулду.
Сабак учурунда окутуучу заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, студенттерди активдүү талкууга тартты. Студенттер эритмелердин касиеттери, алардын практикалык мааниси жана медицинада колдонулушу тууралуу терең билимге ээ болушту.
Ачык сабак окутуунун сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусунун алкагында өттү.