Ачык сабак: «VI–XIX кылымдардагы кыргыздардын жана Кыргызстандын маданияты»

Ачык сабак: «VI–XIX кылымдардагы кыргыздардын жана Кыргызстандын маданияты»

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     Ачык сабактар декадасынын алкагында Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Чыныкеева Гүлназ ЛД6-1-24 тайпасы үчүн Кыргызстандын тарыхы предмети боюнча «VI–XIX кылымдардагы кыргыздардын жана Кыргызстандын маданияты» темасында 21.10.2025 жылы ачык сабак өткөрдү.

    Сабактын жүрүшүндө кыргыз маданиятынын өнүгүү этаптары, салт-санаалары, руханий жана материалдык баалуулуктары, ошондой эле кыргыз элинин Борбордук Азиянын тарыхый жана маданий мурасына кошкон салымы талкууланды.
    Студенттер сабакка жигердүү катышып, кызыгуу жана терең түшүнүк көрсөтүштү.

    Ачык сабак билимге умтулуу жана улуттук маданиятка урматтоо атмосферасында өттү.



Фото галерея