Онкология сабагы боюнча практикалык сабак Ош шаардык онкологиялык клиникасынын базасында өттү
Ош эл аралык медициналык университетинде 5-курс студенттери үчүн онкология сабагы боюнча практикалык сабактар уланууда. Ош шаарындагы онкологиялык клиникасынын базасында «Сүт безинин шишиктери» темасында сабак өткөрүлдү.
Сабакты медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамашов Нурбек Максутович алып барды. Сабак учурунда студенттер теориялык билимдерин практика менен бекемдеп, сүт безинин шишиктерин диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары менен таанышып, онкологиялык оорулардын алдын алуу маселелерин талкуулашты.
Мындай сабактар студенттердин клиникалык ой жүгүртүүсүн жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.