Травматология жана ортопедия боюнча ачык сабак
16.10.2025ж. «Травматология жана ортопедия» сабагы боюнча ОЭАМУда ачык сабак болуп өттү. Сабакты клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Каримов Медер өткөрдү.
Сабактын темасы — «Билек (локтевой) муунунун жабыркашы жана оорулары» болду. Сабакта муундун анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү, жаракаттардын жана оорулардын түрлөрү, диагностика ыкмалары жана заманбап дарылоо ыкмалары кеңири каралды.
Студенттер сабакка активдүү катышып, теориялык жана практикалык билимин көрсөтүштү.
Мындай ачык сабактар ОЭАМУда окутуунун сапатын жогорулатып, окутуучулар арасында тажрыйба алмашууга жана студенттердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.