Жугуштуу оорулар боюнча ачык сабак

Жугуштуу оорулар боюнча ачык сабак

оэаму ишиму oshimu омму oimu

    16.10.2025ж. ОЭАМУда клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Абдимомунова Бегимай жугуштуу оорулар боюнча ачык сабак өткөрдү.

    Сабактын темасы — «HIV infection. AIDS» болуп, ал ЛД5-1-22 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулду.

    Сабактын жүрүшүндө ВИЧ-инфекциясынын жугуу жолдору, оорунун клиникалык стадиялары, аныктоо жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле дарылоонун заманбап ыкмалары жана социалдык аспектилери кеңири талкууланды.

    Студенттер сабакка активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана кызыгуусун көрсөтүштү.

    Ачык сабактар окутуунун сапатын жогорулатып, мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна жана келечектеги дарыгерлердин кесиптик компетенциясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея