"Кыргыз тили жана адабияты" предмети боюнча ачык сабак өттү

"Кыргыз тили жана адабияты" предмети боюнча ачык сабак өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 17-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде "Кыргыз тили жана адабияты" сабагынан окутуучу Осмонова Кайыргүл ЛД6-1-25 тайпасы үчүн ачык сабак өттү.

     Сабактын темалары төмөнкүчө болду:

     Лексикалык тема: «Менин кесибим»

     Грамматикалык тема: «Сөз жасоочу мүчөлөр»

     Сабактын жүрүшүндө окутуучу кыргыз тилин окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуп, теориялык жана практикалык бөлүктөрдү айкалыштырды. Студенттер активдүү катышып, интерактивдүү тапшырмаларды аткарышып, сөз жасоочу мүчөлөр боюнча билимдерин бекемдешти.

Ачык сабак жылуу жана билимге шыктандырган атмосферада өтүп, студенттердин тилдик компетенциясын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.



Фото галерея