«Кан айлануу токтогондо комплекстүү реанимациялоо жана интенсивдүү терапия ыкмалары. Жүрөктүн ритм бузулуусу. Миокард инфаркту. Кардиогендик шок» темасындагы ачык сабак

«Кан айлануу токтогондо комплекстүү реанимациялоо жана интенсивдүү терапия ыкмалары. Жүрөктүн ритм бузулуусу. Миокард инфаркту. Кардиогендик шок» темасындагы ачык сабак

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош Эл аралык медициналык университетинде өтүп жаткан ачык сабактар декадасынын алкагында клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Эргешбаев Медер ЛД5-4-21 (В) тобунун 5-курс студенттери үчүн «Methods of complex resuscitation and intensive therapy in case of circulatory arrest. Heart rhythm disorders. Myocardial infarction. Cardiogenic shock» темасында ачык сабак өткөрдү.

      Сабактын жүрүшүндө студенттер кан айлануунун токтогон учурларында комплексдүү реанимация жана интенсивдүү терапиянын ыкмалары, жүрөк ритминин бузулуулары, ошондой эле миокард инфаркты менен кардиогендик шоктун диагностикасы жана дарылоосу боюнча маселелерди терең изилдешти.

     Окутуучу өзгөчө көңүлдү шашылыш медициналык жардам көрсөтүү алгоритмдерине жана критикалык абалдардагы интенсивдүү терапиянын заманбап ыкмаларына бурду.

    Сабак интерактивдүү форматта, клиникалык кейстерди, видеоматериалдарды жана практикалык тапшырмаларды колдонуу менен өттү. Бул студенттерге теориялык билимдерин бекемдөөгө жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берди.

    Мындай ачык сабактар медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана келечектеги дарыгерлердин реанимация жана интенсивдүү терапия жаатындагы кесиптик даярдыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.



Фото галерея