ОЭАМУда «Кандын антигендик системасы. Резус-фактор» темасында ачык сабак өттү

ОЭАМУда «Кандын антигендик системасы. Резус-фактор» темасында ачык сабак өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 15-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде жаратылыш-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Орозматов Тутан тарабынан ачык сабак өтүлдү.

     Сабактын темасы — «Кандын антигендик системасы. Резус-фактор», ал эми катышуучулар — ЛД6-1-2024 тобунун студенттери болушту.

     Сабактын жүрүшүндө студенттер кандын негизги антигендик системалары, резус-фактордун тукум куума механизмдери жана анын клиникалык практикага, айрыкча кан куюуда жана акушердик тармакта мааниси жөнүндө маалымат алышты.

     Окутуучу заманбап окутуу ыкмаларын жана көргөзмөлүү материалдарды колдонуп, студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана түшүнүктөрүн бекемдөөгө шарт түздү.

     Ачык сабак Ош эл аралык медициналык университетинде өтүп жаткан ачык сабактардын декадасынын алкагында уюштурулуп, окутуунун сапатын жогорулатууга жана педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө багытталган.



Фото галерея