ОЭАМУда дем алуу физиологиясы боюнча ачык сабак өттү

ОЭАМУда дем алуу физиологиясы боюнча ачык сабак өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       2025-жылдын 15-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Батырова Каныкей тарабынан ачык сабак өтүлдү.

      Сабактын темасы — «Physiology of respiration. Pulmonary ventilation». Ачык сабак ЛД5-2-2024 (А) тайпасында өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер дем алуу процесстеринин негизги механизмдери, өпкө вентиляциясынын этаптары жана организмдеги газ алмашууну камсыз кылган физиологиялык процесстер тууралуу маалымат алышты.

     Окутуучу сабакта интерактивдүү усулдарды жана көргөзмөлүү материалдарды колдонуп, студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө жардам берди.

     Бул иш-чара Ош эл аралык медициналык университетинде өтүп жаткан ачык сабактардын декадасынын алкагында уюштурулду жана окутуунун сапатын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга багытталган.



Фото галерея