ОЭАМУнун жаш окутуучуларынын ачык сабагы

ОЭАМУнун жаш окутуучуларынын ачык сабагы

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       2025-жылдын 14-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде күзгү ачык сабактардын декадасынын алкагында кезектеги ачык сабак болуп өттү. Сабакты жаш жана демилгелүү окутуучу — Сакибаева Акылай Кыялбековна өткөрдү.

       Ачык сабак ЛД5-2-24 (А) тайпасы үчүн “Microbiological diagnostical criterias of Tetanus, Botulism, Gas Gangrene” темасында өтүлдү. Сабактын жүрүшүндө окутуучу жогорку методикалык даярдыкты жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын натыйжалуу колдонууну көрсөттү.

      Студенттер активдүү катышып, суроолорго жооп берип, клиникалык кырдаалдарды талкуулашты. Сабакта өтө кооптуу инфекциялык оорулардын микробиологиялык диагностикалык критерийлерине өзгөчө көңүл бурулду.

      Иш-чарага ошондой эле табиий-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын завучу Танабаева Айпери катышып, окутуучунун методикалык деңгээлин жана студенттердин жигердүү катышуусун жогору баалады.

      Мындай сабактар тажрыйба алмашууга, окутуунун сапатын жакшыртууга жана студенттерди медициналык билимди терең үйрөнүүгө шыктандырууга өбөлгө түзөт.
     Ачык сабактардын декадасы уланууда, алдыда дагы кызыктуу сабактар жана жолугушуулар күтүлүүдө.



Фото галерея