ОЭАМУда күзгү ачык сабактар декадасынын алкагында алгачкы сабактар өттү
Ош эл аралык медициналык университетинде окутуунун сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү максатында күзгү ачык сабактар декадасы башталды.
Декаданын алгачкы күндөрүндө ачык практикалык сабактар өтүп, анда окутуучулар университеттеги заманбап окутуу ыкмаларын көрсөтүштү. Өзгөчө көңүл симуляциялык каражаттарды — манекендерди, тренажёрлорду жана окутуу моделдерин колдонууга бурулду. Бул каражаттар студенттерге реалдуу клиникалык кырдаалга жакын шартта практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жардам берет.
Ачык сабактар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга, тажрыйба алмашууга жана окутуу процессине инновациялык технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Университеттин жетекчилиги мындай форматтагы сабактар мындан ары да улантыларын белгилеп, бул ыкма студенттердин жогорку деңгээлдеги медициналык билим алуусуна жана кесиптик даярдыгына чоң салым кошорун баса белгиледи.