Деканат жана кураторлор студенттик жатакананы текшеришти

Деканат жана кураторлор студенттик жатакананы текшеришти

оэаму ишиму oshimu омму oimu

        2025 -жылдын 13-октябрь күнү Ош эл аралык медициналык университетинин деканатынын өкүлдөрү жана кураторлору студенттик жатакананы текшеришти.

       Сапардын жүрүшүндө студенттердин жашоо шарттары, бөлмөлөрдүн жана ашканалардын санитардык абалы текшерилди. Ошондой эле тартип, сабакка катышуу жана ички тартип эрежелерин сактоо маселелери талкууланды.

      Студенттерге жатакананын эрежелерин сактоо, тазалыкты кармоо жана академиялык жоопкерчиликти так аткаруу зарылдыгы эскертилди.

      Университеттин жетекчилиги студенттер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү — ОЭАМУнун ишинин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.



Фото галерея