ОЭАМУда окутуучулар үчүн методикалык семинар өттү

ОЭАМУда окутуучулар үчүн методикалык семинар өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 11-октябрында Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучулар үчүн методикалык семинар өткөрүлдү. Семинарды «Дарылоо иши» факультетинин деканы, биология илимдеринин кандидаты Ташматова Н.М. алып барды.

     Иш-чаранын жүрүшүндө сабактарды иштеп чыгуу жана алардын методикалык бөлүгүн өркүндөтүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Лекцияларды жана практикалык сабактарды даярдоонун заманбап ыкмаларына, билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана студенттерди окутуу процесстерине активдүү тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

     Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик өсүшүнө жана университеттеги билим берүү процессин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея