Ош эл аралык медициналык университетинин студенттеринин ата-энелери менен онлайн жолугушуулар
2025-жылдын 7–11-октябрь күндөрү Ош эл аралык медициналык университетинде тарбиялык декаданын алкагында студенттердин ата-энелери менен ZOOM платформасы аркылуу онлайн жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушуулардын негизги максаты – университет менен ата-энелердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана окуу-тарбия ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу болду. Жолугушуу маалында кураторлор окуу процессинин түзүлүшү, студенттердин жетишкендиги, ошондой эле университеттин ички тартип эрежелери тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө көңүл сабакка катышуу, тартип жана ар түрдүү өлкөлөрдөн келген студенттердин жаңы чөйрөгө көнүү маселелерине бурулду.
Ата-энелерге университеттин ушул окуу жылына карата пландары, студенттердин академиялык жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралары жөнүндө да маалымат берилди. Мындан тышкары, кураторлор ата-энелердин балдарынын билим алуу процессине активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешип, мындай жолугушуулар эми туруктуу түрдө өткөрүлүп турарын айтышты.
Талкуу учурунда ата-энелер университеттин администрациясына жана окутуучуларына студенттерге көрсөткөн камкордугу, ачык-айкын иш алып баруусу жана диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар мындай жолугушуулар окуу процессин тереңирээк түшүнүүгө жана балдарынын окуусуна көз салып, колдоо көрсөтүүгө жардам берерин белгилешти.
Ош эл аралык медициналык университети мындай жолугушуулардын форматын мындан ары да өнүктүрүп, окутуучулар, студенттер жана ата-энелер ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөнү улантат.
Zoom аркылуу жолушугууларды өткөргөн группалардын жана кураторлодун тизмеси:
ЛД5-1-25 Осмонбекова Г.
ЛД5-2-25 Танабаева А.
ЛД5-3-25 Сакибаева А.
ЛД5-3-24 и Лд5-1-25(зима) - Абдуллаева Б.
ЛД5-1-24 - Султанова Т.
ЛД5-2-24 Ташматова Н.
ЛД6-1-21 Ботобекова Н.
ЛД6-1-25 Осмонова К.
ЛД6-1-23 Токтоназарова Н.
ЛД6-1-24 Орунбаева Б.
ЛД5-2-21 Нишанкулова Э.
ЛД5-1-22 Тогузакова Ж.