ОЭАМУнун студенттери Ош шаарындагы кан куюу борборунда болушту

ОЭАМУнун студенттери Ош шаарындагы кан куюу борборунда болушту

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош эл аралык медициналык университетинин 3-курс студенттери «Хирургия» дисциплинасынын алкагында Ош шаардык кан куюу борборуна барышты. Практикалык сабактын темасы «Кан тобу жана кан тобун аныктоо» болуп,

м.и.к., доцент Арынов З. жетектөөсүндө студенттер донордук кандын алынуусу, сакталуусу жана бөлүштүрүлүү процесси менен таанышып, кан тобу жана резус-факторду аныктоонун практикалык ыкмаларын үйрөнүштү.

      Мындай практикалык сабактар студенттерге теориялык билимдерин бекемдөөгө, тажрыйба топтоого жана кан тапшыруунун медицинадагы маанисин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.



Фото галерея