ОЭАМУда алыскы чет өлкөдөн келген студенттер үчүн кирүү экзамендери өттү
2025-жылдын 5-октябрында Ош Эл аралык медициналык университетинде алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн кирүү экзамендери өткөрүлдү.
Талапкерлер медициналык адистиктерге кабыл алуу үчүн зарыл болгон негизги сабактар — биология, химия жана англис тили боюнча экзамен тапшырышты. Экзамендер жогорку деңгээлде уюштурулуп, жылуу жана достук маанайда, бардык академиялык талаптарды сактоо менен өттү.
Кирүү экзамендеринин өткөрүлүшү чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу процессиндеги маанилүү этап болуп, алардын билим деңгээлин аныктоого жана университетте ийгиликтүү окуусуна өбөлгө түзөт.