ОЭАМУ окутуучулары үчүн методикалык семинар өттү

ОЭАМУ окутуучулары үчүн методикалык семинар өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025- жылдын 4-чу октярьда - ишемби күнү Ош эл аралык медициналык университетинин дарылоо иши факультетинин деканы Ташматова Назгүл Маматумаровна окутуучулар үчүн методикалык семинар өткөрдү.

      Жыйындын жүрүшүндө окутуунун заманбап ыкмалары, билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу жана инновациялык окутуу методдорун колдонуу маселелери талкууланды. Ошондой эле кафедралардын методикалык ишин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

     Мындай семинарлар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга жана университеттин билим берүү стандарттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея