ОЭАМУга мекемелер аралык комиссиянын делегациясы келип кетти
25.09.2025-ж. Ош эл аралык медициналык университетине мекемелер аралык комиссиянын делегациясы келип кетти.
Иш программасынын алкагында комиссия мүчөлөрү университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу-методикалык жана каржылык документтерди карап чыгышты, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.
Комиссия мугалимдер жана студенттер менен интервью өткөрдү, билим берүүнүн сапаты жана окуу программаларынын ишке ашырылышына байланыштуу маселелерди талкуулады.