ОЭАМУда футбол талаасынын салтанаттуу ачылышы болду
Бүгүн Ош эл аралык медициналык университетинде жаңы футбол талаасынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул окуя университеттин спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана студенттер үчүн активдүү, дени сак жашоо образын түзүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.
Иш-чарага университеттин бардык окутуучулук-профессордук курамы катышты. Салтанаттуу азем жылуу жана майрамдык маанайда өттү. Университеттин жетекчилиги белгилегендей, футбол талаасы студенттердин заманбап шартта спорт менен машыгышына гана эмес, командалык духту чыңдоого, факультеттер аралык жана жогорку окуу жайлар аралык мелдештерди уюштурууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы талаада дене тарбия сабактары да башталып, бул студенттер үчүн чоң белек болду. Ошондой эле университеттик курам эркек жана айымдардан турган футболдук командаларды түзүүнү пландап жатат. Бул окутуучуларга спорттук чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эң негизгиси — дени сак жашоо образын сактоого шарт түзөт.
Футбол талаасы спорттук сабактар үчүн гана эмес, ошондой эле университеттик иш-чараларды өткөрүү үчүн да колдонулмакчы. Бул студенттик жашоону дагы да мазмундуу жана кызыктуу кылат.