Студенттердин ата-энелери менен жолугуу
24-сентябрда Ош мамлекеттик медициналык университетинде Индиядан келген чет элдик студенттердин ата-энелери менен расмий жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чара кызматташтыкты бекемдөө, ишенимди жогорулатуу жана ата-энелерге окуу процесси, жашоо шарттары жана университет сунуш кылган академиялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулду.
Жолугушууга ректордук, эл аралык факультет деканатынын өкүлдөрү, мугалимдер жана топ жетекчилери катышты. Ата-энелер суроолорун берүү, коопсуздук, медициналык тейлөө жана студенттердин келечектеги билим алуусу жана практикасы тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жолугушуунун аягында ата-энелер ОЭАМУ жетекчилигине студенттерге кам көргөнү жана билим берүү сапаты үчүн ыраазычылык билдиришти.