Ош Эл аралык Медициналык Университети Оренбург Мамлекеттик Медициналык Университети менен кызматташтык тууралуу келишимге кол койду
Ош Эл аралык Медициналык Университетинде эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында маанилүү окуя болду — Оренбург Мамлекеттик Медициналык Университети менен расмий кызматташтык келишими кол коюлду.
Бул документ университеттердин академиялык алмашуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттер жана мугалимдер үчүн стажировкаларды уюштуруу, ошондой эле биргелешкен окуу программалары жана конференцияларды өткөрүү жаатындагы кызматташтыгын бекитет.
ОЭАМУ ректору бул кызматташтык студенттердин жана мугалимдердин илимий жана академиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, медициналык билимдин сапатын жогорулатууга жана университеттин эл аралык байланышын чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк берет деп белгиледи.
Тараптар кызматташтык эки университеттин студенттерине, мугалимдерине жана илимий топторуна олуттуу пайда алып келет жана медицина жана медициналык билим берүүнү эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө салым кошот деп үмүттөнүшөт.