ОЭАМУ студенттери үчүн оториноларингология боюнча практикалык сабактар
Ош эл аралык медициналык университетинде клиникалык дисциплиналар боюнча практикалык сабактар уланууда.
3-курс чет элдик студенттери ЛОР-органдарды изилдөө ыкмаларына арналган сабактардан өтүшүүдө. Практика учурунда алар оториноларингологияда колдонулуучу заманбап инструменттер менен таанышып, аларды колдонуу жана стерилизациялоо эрежелерин үйрөнүшөт, ошондой эле изилдөөнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүшөт.
Ошондой эле 5-курс жергиликтүү студенттери да практикалык сабакка катышышууда. Алар үчүн ЛОР-органдарды изилдөө методикаларын тереңдетип үйрөнүүгө, атайын инструменттер менен иштөөгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон клиникалык көндүмдөрдү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындай сабактар студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө гана эмес, практикалык көндүмдөрдү чыныгы медициналык практикага колдонууда ишенимди калыптандырууга да өбөлгө түзөт.