Ош Эл аралык медицина университетинде студенттер үчүн жаңы футбол талаасы ачылды
Ош эл аралык медицина университети студенттеринин толук кандуу билим алышына жана бош убактысын пайдалуу өткөрүшүнө бардык шарттарды түзүүнү улантууда. Университеттин жаңы заманбап футбол талаасы пайдаланууга берилди. Ал Кокум бий көчөсү, 74 дарегинде жайгашкан.
Жаңы спорт аянтчасы атайын биздин студенттер үчүн курулуп, бардык заманбап талаптарга жана стандарттарга жооп берет. Бул жерде машыгууларды, окуу процессине байланышкан иш-чараларды жана студенттик мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Талаа ыңгайлуу жана коопсуз оюн өткөрүүгө шарт түзгөн сапаттуу жабынды менен камсыздалган.
Эми ОЭАМУнун студенттери футбол талаасын эркин колдонуп, спорт менен машыгууга, достук беттештерди уюштурууга жана факультет аралык мелдештерди өткөрүүгө шарт алышат. Университеттин жетекчилиги бул жаңы спорт аянтчасы студенттердин ден соолугун чыңдоого гана эмес, командалык духту, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенет. Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү Ош эл аралык медицина университетинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Анткени дени сак жашоо образы жана активдүү кыймыл – бул келечектеги дарыгерлерди даярдоонун ажырагыс бөлүгү.
Бардык студенттерди жаңы футбол талаасын активдүү колдонууга жана спорттук, ынтымактуу университеттик чөйрөнү түзүүгө өз салымын кошууга чакырабыз!