ОЭАМУда 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окумуштуулар кеңеши өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош Эл аралык Медициналык Университетинде 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга арналган окумуштуулар кеңеши болуп өттү.

       Кеңешмеде окуу иштери боюнча декандын орун басары Нуриза Токтоназарова, табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Эльнура Нишанкулова жана социалдык жана тарбиялык иштер боюнча проректор Чынара Алиева отчеттору менен чыгышты.

       Жыйындын жүрүшүндө өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер, факультеттер менен кафедралардын ишинин жыйынтыктары каралды. Декандын орун басары факультеттеги ар бир академиялык топтун абсолюттук жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча кеңири отчет сунуштады.

      Эльнура Нишанкулова мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишинин жыйынтыгын баяндады. Чынара Алиева социалдык, спорттук жана тарбиялык долбоорлор боюнча отчет берди.

      Кеңешменин жыйынтыгында алдыдагы мезгил үчүн артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Билим берүүнүн сапаты, тарбиялык иштер жана студенттерди колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

      Университеттин администрациясы жалпы жамаатка ОЭАМУнун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы максаттарга жетүүдө командалык иштин маанилүүлүгүн белгиледи.



Фото галерея