ОЭАМУда «Манас» эпосунун күнү белгиленди

ОЭАМУда «Манас» эпосунун күнү белгиленди

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      4-декабрь күнү Ош эл аралык медициналык университетинде «Манас» эпосунун күнү болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү студенттер менен бирге жакын жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер да катышты. Алар көркөм программа даярдап, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, улуттук бийлерди аткарып, кыргызча ыр жана дубалдарды окуп, ата-бабаларыбыздын жашоосун чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

      Майрамдык маанайга студенттердин улуттук кыргыз кийимдерин кийип катышканы өзгөчө көрк кошту. Иш-чаранын уюштуруучусу — кыргыз тили жана адабияты мугалими Осмонова Кайыргүл — жаштар арасында маданий мурасты сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

     Мындай иш-чаралар улуу «Манас» эпосун унуттурбай, анын маанисин башка улуттарга да таанытууга өбөлгө түзөт.



fotoğraf Galerisi