«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолду жайылтууга арналган иш-чара өттү

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолду жайылтууга арналган иш-чара өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2025-жылдын 2-декабрында саат 14:00дө Ош эл аралык медициналык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик. Уңгужолу жөнүндө.» жарлыгын ишке ашыруу алкагында иш-чара өткөрүлдү.

    Университетте аталган жарлыкты аткаруу боюнча атайын иш-чаралар планы бекитилип, анын алкагында улуттук нарк-баалуулуктарды сактоо, руханий жактан бай жана адеп-ахлактык кулк-мүнөзгө ээ инсандарды тарбиялоо максатында куратордук сабактар үзгүлтүксүз өтүп келет.

    Бекитилген планга ылайык, 2-декабрда Уңгужолду кеңири таанытуу боюнча маалыматтык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага төмөнкү спикерлер чакырылды:

            Солтоев Зарлыкбек Акматбекович, Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу;

            Чыныкеева Гулназ Эргешалиевна, т.и.к., ОшМУнун доценти.

     Спикерлер Уңгужолдун негизги багыттары — улуттук аң-сезимди жогорулатуу, руханий жана материалдык баалуулуктарды тең салмактуу өнүктүрүү, улуттук тарбиянын ролун күчөтүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандыруу — тууралуу кеңири маалымат беришти.

     Иш-чаранын соңунда катышуучулар «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолунун принциптерин билим берүү жана тарбия процессинде ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешти.

 

    Кыска видеого шилтеме

 



fotoğraf Galerisi