Студенттер хирургия сабагында практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүдө
Ош эл аралык медициналык университетинин 3-курс студенттери «Хирургия» дисциплинасы боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдеп, тереңдетилген түрдө үйрөнүп жатышат.
Сабак учурунда студенттер негизги хирургиялык тигиш түрлөрүн аткарып, хирургиялык аспаптар менен таанышып, скальпел, кысгыч жана ийне кармагычтарды туура колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү. Практикалык бөлүк манекендерде жана атайын пластинаторлордо өтүп, клиникалык шарттарды мүмкүн болушунча чагылдырат.
Окутуучулардын жетекчилиги алдында келечектеги дарыгерлер теориялык билимдерин практикада колдонуп, тигүү техникасын жана жарааттарды хирургиялык иштетүү алгоритмдерин бекемдешти.
Мындай сабактар студенттердин кесиптик чеберчилигин жана келечектеги клиникалык ишине болгон ишенимин арттырат.