«TOEIC тестин ийгиликтүү тапшыруу жолдору» аттуу семинар өттү

«TOEIC тестин ийгиликтүү тапшыруу жолдору» аттуу семинар өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2025-жылдын 5-декабрында Ош эл аралык медициналык университетинде окутуучулар үчүн «TOEIC тестин ийгиликтүү тапшыруу жолдору» темасында семинар болуп өттү. Семинарды клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу жана эл аралык байланыштар боюнча алдыңкы адиси — Султанова Тахмина өткөрдү.

      Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар TOEIC эл аралык экзаменынын түзүлүшү, ар бир бөлүмдүн талаптары, тапшырмаларды аткаруу стратегиялары жана көп кетирилген каталар менен таанышты. Ошондой эле угуу жана окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштарга өзгөчө көңүл бурулду.

     Окутуучулар теманын актуалдуулугун жана берилген материалдардын пайдалуулугун белгилешип, англис тилин билүүнүн эл аралык коммуникация жана академиялык ишмердүүлүк үчүн маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.

     ОЭАМУ мындан ары да окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык компетенцияларды өнүктүрүү багытында мындай иш-чараларды уланта берет.



fotoğraf Galerisi