ОЭАМУ студенттери интубация жасоону заманбап симуляциялык манекенде үйрөнүшүүдө
Ош эл аралык медициналык университетинде «Хирургия» сабагы боюнча практикалык даярдык уланууда. Сабактарда студенттер эң маанилүү клиникалык көндүмдөрдүн бири — трахеяга интубация жасоо ыкмасын өздөштүрүшүүдө.
Окууда жогорку тактыктагы атайын симуляциялык манекен колдонулат. Ал студенттин ар бир аракетин автоматтык түрдө каттап, процедура туура аткарылганбы же жокпу дароо көрсөтөт. Бул технология келечектеги дарыгерлерге коопсуз шартта көнүгүү жасап, тез арада пикир алып, чеберчилигин чыңдоого шарт түзөт.
Заманбап окутуу тренажёрлорун колдонуу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатып, сабактарды дагы натыйжалуу жана түшүнүктүү кылат.