ОЭАМУнун 2-курс студенттери радиология жана радиотерапия сабагын университеттин өз клиникасында өтүшүүдө

ОЭАМУнун 2-курс студенттери радиология жана радиотерапия сабагын университеттин өз клиникасында өтүшүүдө

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош эл аралык медициналык университетинин клиникасында 2-курс студенттери үчүн «Радиология жана радиотерапия» дисциплинасы боюнча практикалык сабактар өтүп жатат.

      Сабактын темасы «Калкан бези жана калкан алдындагы бездердин изилдениши жана оорулары» болду. Сабак учурунда студенттер заманбап диагностика ыкмалары менен таанышып, бул органдардын анатомиялык өзгөчөлүктөрүн жана патологияларын изилдеп, радиологиялык изилдөөлөрдү интерпретациялоо көндүмдөрүн практикада бекемдешти.

     Университеттин өз клиникасындагы практикалык сабактар студенттерге теориялык билимдерин реалдуу клиникалык шарттарда колдонууга мүмкүнчүлүк берип, кесиптик даярдыктын сапатын жогорулатат.



fotoğraf Galerisi