ОЭАМУ студенттери гистология боюнча эл аралык олимпиадада мыкты жыйынтык көрсөтүштү

ОЭАМУ студенттери гистология боюнча эл аралык олимпиадада мыкты жыйынтык көрсөтүштү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош эл аралык медициналык университетинин студенттери жогорку теориялык даярдыгын дагы бир жолу тастыктап, 26-ноябрь 2025-жылы Н.Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин гистология кафедрасы тарабынан онлайн-форматта уюштурулган гистология боюнча англис тилиндеги Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды ээледи.

     Олимпиаданын форматы гистологиянын фундаменталдык принциптерин терең түшүнүү менен бирге, ассоциациялык суроолорго жооп берүү учурунда клиникалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү баалоого багытталган болчу. Биздин студенттер жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана кеңири таанып-билүүсүн ишенимдүү көрсөтө алышты.

     Жыйынтыгында ОЭАМУ студенттери төмөнкү орундарды багындырды:

           1-орун — Робинсон Аших;

           2-орун — Надеем Садия жана Тэндлэ Рушикеш Рам;

           3-орун — Дхондипарге Аширош Шрикант.

    Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Бул ийгилик — терең кызыгуу, тырышчаактык жана дисциплинанын жемиши. ОЭАМУ силер менен сыймыктанат!



fotoğraf Galerisi