Акушердик жана гинекология боюнча практикалык сабактар

Акушердик жана гинекология боюнча практикалык сабактар

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош эл аралык медициналык университетинин 5-курс студенттери клиникалык шартта «Акушердик жана гинекология» сабагы боюнча практикалык сабактарды өтүштү.

     Сабак учурунда студенттер өз кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүшүп, пациентти кароо алгоритмдерин, бейтаптарды алып баруу тактикасын практикада аткарып көрүштү. Ошондой эле заманбап диагностикалык ыкмалар жана акушердик-гинекологиялык практикада колдонулуучу дарылоо усулдары менен жакындан таанышышты.

     Окутуучунун жетекчилиги алдында студенттер теориялык билимдерин реалдуу шартта колдонуп, клиникалык жагдайларды байкап, медициналык жардам көрсөтүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

    Бул практикалык формат студенттердин өзүнө болгон ишенимин, клиникалык ой жүгүртүүсүн жана келечектеги көз карандысыз дарыгерлик ишмердүүлүккө даярдыгын бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.



fotoğraf Galerisi