5-курс студенттери клиникалык шартта онкология боюнча практикалык сабак өтүшүүдө

5-курс студенттери клиникалык шартта онкология боюнча практикалык сабак өтүшүүдө

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Ош эл аралык медициналык университетинин 5-курс студенттери клиникалык жайдын базасында «Онкология» сабагы боюнча практикалык окуу өтүштү. Сабактын темасы «Бөйрөктүн жана заара чыгаруучу жолдордун шишиктери» болду.

     Сабак түздөн-түз ооруканада өтүп, студенттер реалдуу клиникалык учурлар, диагностикалык ыкмалар жана заара чыгаруучу системанын онкологиялык ооруларын дарылоо принциптери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окутуучу клиникалык белгилерди, диагностиканын өзгөчөлүктөрүн жана бул патологияларды дарылоонун заманбап ыкмаларын кеңири түшүндүрүп берди.

     Практикалык формат студенттерге келечектеги дарыгерлик ишмердүүлүккө максималдуу жакын шарттарда кесиптик көндүмдөрүн чыңдоого жана материалды терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.



fotoğraf Galerisi